“Арашан” тукумундагы койлор үчүн тоюттар

“Арашан” тукумундагы кой өстүрүүчүлөр ассоциациясы менен биргеликте койлор жана букачарлар үчүн тоют рецептурасы даярдалды.

Комбикорм өндүрүү

«Аталык Жем» комбикорм заводу — Кыргызстандагы эң ири толук рациондук жана адистештирилген тоют өндүрүүчүлөрдүн бири. Биз ар бир түрдүн жана өсүү стадиясынын муктаждыктарын эске алган натыйжалуу жана тең салмактуу тоюттук чечимдерди түзөбүз.
Өндүрүштүк кубаттуулуктар
  • Заманбап автоматташтырылган жабдуулар — 22 компонентке чейин так дозалоо мүмкүнчүлүгү
  • Өндүрүштүк кубаттуулук — суткасына жүздөгөн тонна комбикорм
  • Жаңы соя экструзиялоо цехи (жылына 10 000 тоннага чейин)
  • Толук автоматташтырылган премикс өндүрүш линиясы (айына 500 тоннага чейин)
  • HACCP системасы жана тоют коопсуздугунун стандарттары киргизилген
Сапатты көзөмөлдөө

Өзүнүн заманбап анализаторлору бар лабораториясы
Текшерүү жүргүзүлөт:
— Нымдуулук
— Белок, май, клетчатка
— Микотоксиндер жана патогендер
— Биологиялык баалуулук

Ар бир партия продукция ветеринардык сертификат менен коштолот.

«Аталык Жем» — «Аталык» компаниясынын ири өндүрүштүк бөлүмү болуп, айыл чарба жаныбарлары үчүн жогорку сапаттагы комбикорм өндүрүүгө адистешкен. Биз фермерлерден чийки зат сатып алуудан тартып даяр продукция чыгарууга чейин толук циклди камсыз кылабыз жана мал-жандыктар менен канаттуулар үчүн натыйжалуу жана коопсуз азыктанууну кепилдейбиз.

Биздин продукция

  • Букачарлар, уйлар жана музоолор үчүн тоюттар
  • Бройлер тооктору, жумурткалагычтар жана балапандар үчүн тоюттар
  • Индюк жана бөдөнөлөр үчүн тоюттар
  • Койлор жана эчкилер үчүн тоюттар
  • Аттар үчүн тоюттар

Жеке рецептуралар

Биз сиздин аймакка, породого жана чарбанын максаттарына ылайыкташтырылган жеке тоют формулаларын сунуштайбыз. Тажрыйбалуу ветеринарлар жана технологдор тарабынан консультациялар берилет.


🚛 Жеткирүү шарттары
  • Фасовка: 25 жана 40 кг
  • Кампадан жүктөө жана аймактарга жеткирүү
  • Туруктуу кардарлар үчүн ийкемдүү баалар жана арзандатуулар

Эмне үчүн бизди тандашат:
  • Тоют өндүрүшүндө 10 жылдан ашык тажрыйба
  • Ишенимдүү формула → туруктуу натыйжа
  • Өз чийки затыбыз = сапатты көзөмөлдөө
  • Ар бир партиянын тазалыгы жана натыйжалуулугуна кепилдик

Аталык Жем — сиздин чарбаңызды өстүргөн азык.