
Сары-Жон айылында «Сары Жон» асыл тукум канаттуулар фабрикасынын курулушу башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен өлкө үчүн маанилүү долбоор — «Сары Жон» асыл тукум канаттуулар фабрикасынын курулушу башталды.
«ТриТ» ЖЧКсынын башкы директору Талгат Туратбекович Укубаев ишкана заманбап европалык жабдуулар менен камсыздалып, автоматташтыруу жана ветеринардык биобезкоопсуздук боюнча эл аралык стандарттарга толук ылайык болоорун белгиледи.
Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:
- 75 миң башка эсептелген үч ата-энелик канаттуулар корпусун куруу,
- жылына 13 миллион жумурткага чейин инкубатор ишке киргизүү,
- жыл сайын 6,5 миллионго чейин суточный балапан чыгаруу,
- заманбап эмдөө схемаларын колдонуу,
- канаттуулардын ооруларын аныктоо жана фермалардагы эпизоотикалык абалды көзөмөлдөө үчүн ветеринардык лаборатория түзүү.
Өндүрүш ишке киргизилгенден кийин 40 жаңы жумуш орду түзүлүп, бул аймактын экономикасына да оң таасирин тийгизет.
Долбоордун негизги максаты — фермерлерди инкубациялык жумуртка менен камсыз кылуу, импортко болгон көз карандылыкты азайтуу жана өлкөдөгү жумуртка өндүрүшүнүн өздүк наркын төмөндөтүү.
2025-жылдын 5-июлунда символикалык капсула суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев тарабынан салынды.
«Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн маанилүү кадам. Долбоор фермерлерге, канаттуулар фабрикаларына жана жумуртка сатып алуучуларга олуттуу пайда алып келет», — деп белгиледи министр салтанаттын жүрүшүндө.
«Сары Жон» долбоору Кыргызстандагы канаттуучулукту жана фермерлик секторун өнүктүрүүгө күчтүү түрткү болот.


