
«Кировец» канаттуулар фабрикасы, ППЗ «ТриТ» курлушунун башталышы
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында 450 миң тоокко эсептелген жаңы «Кировец» канаттуулар фабрикасынын курулушу башталды. Долбоорду племянной канаттуулар заводу «Три Т» ишке ашырууда. Канаттуулар фабрикасынын курулушуна капсула коюу аземине айыл чарба министри Бакыт Торобаев катышканын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Алгачкы тоокканалар 2025-жылдын жаз айларында ишин баштайт, ал эми курулуш толугу менен 2026-жылдын аягына чейин бүтөт.
Торобаев Б. Э. белгилегендей, акыркы убакта кайра иштетүү өнөр жайынын муктаждыгын 50%га чейин жабуу үчүн оперативдүү чаралар көрүлүүдө. «Биз кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылабыз жана атүгүл экспорт көлөмүн да көбөйтөбүз», – деди министр.
Фабриканын пландалган кубаттуулугу суткасына 400 миң жумурткадан турат. Фабрикада 50дөн 90га чейин жумушчу орун түзүлөт.
Курулуш аяктагандан кийин завод жергиликтүү рыноктогу суроо-талаптын 15%ын камсыздоону пландап жатат.


